Айыл чарбада эң жогорку январь-апрель экспорту
Айыл чарба тармагында иш алып барган 10 сектордун 3ү алгачкы 4 айда экспорт рекорддорун жаңыртты.
Айыл чарба сектору 11 миллиард 175 миллион доллар менен январь-апрель айларынын эң жогорку экспортуна жетишти.
Жылдын биринчи 4 айында 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,6 пайызга өскөн айыл чарба экспорту Түркиянын жалпы тышкы сатууларынан 13,8 пайыздык үлүштү алды.
Айыл чарба тармагында иш алып барган 10 сектордун 3ү алгачкы 4 айда экспорт рекорддорун жаңыртты.
Дан, буурчак, май уруктары жана алардын азыктары 3 миллиард 801 миллион доллар, жашылча-жемиштер 1 миллиард 176 миллион доллар, зайтун жана зайтун майы 377 миллион 17 миң доллар менен январь-апрель айларынын эң жогорку экспортун ишке ашырды.
Өлкөлөр боюнча каралганда жылдын алгачкы 4 айында Иракка дан эгиндери, буурчак, май өсүмдүктөрү жана алардын азыктары 660 миллион 600 миң доллар, Орусияга жашылча-жемиш сектору 316 миллион 534 миң доллар, Испанияга зайтун жана зайтун майы сектору 130 миллион 700 миң долларлык экспорт жасады.
Тектеш кабарлар
Түркия өндүрүлгөн кендердин ар түрдүүлүгү жагынан дүйнөдө 7-орунда
Министр Байрактар Стамбулда өткөрүлгөн Түркия тоо-кен саммитинде сөз сүйлөдү.
Түркия тышкы соодада өсүүнү улантууда
Январь-ноябрь айларында экспорт 2,5 пайызга өсүп 238 миллиард 486 миллион долларга жетти.