Түркиянын Россияга жасалган жашылча - жемиш экспорту

Эки өлкөнүн соодасында айыл чарба тармагы да чоң мааниге ээ.

1985966
Түркиянын Россияга жасалган жашылча  - жемиш экспорту

Түкриянын Россия  -  Украина согушунда ишке ашырган тең салмактуулук  саясаты жана эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарды өз кызыкчылыгынын негизинде жүргүзүшүнүн таасири менен Россияга жашылча  - жемиш экспорту жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 60 пайызга өсүп, 258,4 миллион долларга жетти.

Түркия статистика мекемесинин маалыматтарына караганда Түркия Россияга химиялык заттар жана продукциялары, жаңы жана кургатылган жемиш, жашылча, майлуу дан эгиндери, буурчак, май өсүмдүктөрү, даяр кийим жана  цемент экспорттоодо.

Түркия бул өлкөдөн да жаратылыш газ, нефть жана темир, болот да араларында болгон бир топ продукция импорттоодо.

Түркиядан Россияга бул жылдын биринчи чейрегинде 2 миллиард 448 миллион долларлык экспорт жасалып, жалпы экспорт өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 132,9 пайызга өстү.

Эки өлкөнүн соодасында айыл чарба тармагы да чоң мааниге ээ. Бул сектордун  Түркиядан Россияга жасаган экспорту жалпы экспорттун 18 пайызын түзүүдө.

Бул жылдын биринчи чейрегинде Түркиядан Россияга айыл  - чарба  продукцияларынын ичинде эң көп экспорттолгон продукциялар  258,4 миллион длллар менен жаңы мөмө – жемиш жана жашылча болду. Сектордун экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 60 пайызга өстү. Бул сектордон кийин 134,3 миллион доллар менен дан эгиндери, буурчак, май өсүмдүктөрү жана алардын азыктары, 17 миллион доллар менен жашылча-жемиштер келди.



Тектеш кабарлар