Түркиянын экспорту март айында 23 миллиард 595 миллион долларга жетти

Март айынын болжолдуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1980651
Түркиянын экспорту март айында 23 миллиард 595 миллион долларга жетти

Түркиянын экспорту март айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 4,4 пайыздык өсүү менен 23 миллиард 595 миллион долларга, импорту болсо 3,4 пайыздык өсүү менен 31 миллиард 936 миллион долларга жетти.

Түркиянын Статистика мекемеси жана Соода министрлигинин кызматташуусу менен түзүлгөн март айынын болжолдуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

Буга ылайык, Жалпы соода системасынын (GTS) алкагында экспорт март айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 4,4 пайызга өсүп 23 миллиард 595 миллион долларга, импорт болсо 3,4 пайызга өсүп 31 миллиард 936 миллион долларга жетти.

Тышкы соода дефицити март айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 0,9 пайызга өсүп 8 миллиард 341 миллион долларды түздү.

Экспорттун импортко катышы 2022-жылдын март айында 73,2 пайыз болсо өткөн айда 73,9 пайызга өстү.

Январь-март мезгилинде экспорт өткөн жылдын тийиштүү чейрегине караганда 2,5 пайызга өсүп 61 миллиард 558 миллион долларга, импорт болсо 11,1 пайызга өсүп 96 миллиард 250 миллион долларга жетти.

Тышкы соода дефицити январь-март мезгилинде 30,7 пайызга өсүп 26 миллиард 537 миллион долларга жетти.

Экспорттун импортко катышы 2022-жылдын январь-март айларында 69,4 пайызды түзсө, быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 64 пайызга төмөндөдү.



Тектеш кабарлар