Министр Дөнмез Е5000 үлгүсүндөгү электровоз рельске түшүрүлөрүн билдирди

Рельс системаларында чет өлкөлөргө болгон технологиялык көз карандылыкты жок кыла турган электровоз, Түркияда ушул убакка чейин ата мекендик долбоорлонгон сүйрөөчү системасы менен эң күчтүү унаа болот.

1976689
Министр Дөнмез Е5000 үлгүсүндөгү электровоз рельске түшүрүлөрүн билдирди

Түркиянын рельс системасынын унаалары өнөр жай корпорациясынын (TÜRASAŞ) Эскишехирдеги ишканасында ата мекендик жана улуттук ресурстар менен иштелип чыккан E5000 үлгүсүндөгү электровоз бүгүн президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда өтө турган массалык ачылыш аземинде ишке киргизилет.

Рельс системаларында чет өлкөлөргө болгон технологиялык көз карандылыкты жок кыла турган электровоз, Түркияда ушул убакка чейин ата мекендик долбоорлонгон сүйрөөчү системасы менен эң күчтүү унаа болот.

Түркия Республикасынын Мамлекеттик темир жолдорунун (TCDD) муктаждыктарына ылайык иштелип чыккан 5 мегаватт (МВт) күчүндөгү E5000 Европа Биримдигинин (ЕБ) темир жолдорунда өз ара аракеттенүү техникалык спецификациясы (TSI) сертификаты менен көңүлдөрдү бурат.

Жүк жана жүргүнчүлөрдү ташый алган E5000 жаңы муундагы электр магистралдык электровозу катары 140 километр/саат ылдамдыгы менен айырмаланат.

Башка жагынан алганда, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, TÜRASAŞ Эскишехир ишканасында ата мекендик жана улуттук ресурстар менен иштелип чыккан E5000 үлгүсүндөгү электр локомотивине байланыштуу, «Азыр биз өзүбүздүн ата мекендик жана улуттук ресурстарыбыз менен чет өлкөдөн сатып алган продукцияларды чыгара баштадык. Бул абдан кубандырат»,-деди.

Президент Эрдогандын катышуусу менен бүгүн Эскишехирде жүздөгөн объекттин ачыла турганын белгилеген Дөнмез: «Алардын баары бири-биринен баалуураак, бирок алардын айрымдары Түркия үчүн өтө маанилүү. Тоо-кен тармагында биз өткөн жылы Бейликовадан сейрек кездешүүчү элементтерди ачканбыз. Бул дүйнөдө сейрек кездешүүчү элементтердин запасы боюнча экинчи орунда турган. Ал жерде пилоттук завод куруу иштери бүткөрүлдү. Буюрса анын ачылышын жасайбыз. Андан соң Е5000 электровозунун ачылышын жасайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар