Түркиянын автомобиль өндүрүшүндө жана экспортунда өсүү

Январь-март айларында Түркияда 366 миң 597 унаа өндүрүлдү.

1975998
Түркиянын автомобиль өндүрүшүндө жана экспортунда өсүү

Түркиянын унаа өндүрүшү жылдын биринчи үч айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 21 пайызга өстү.

Январь-март айларында Түркияда 366 миң 597 унаа өндүрүлдү.

Бул өндүрүштө жеңил унаа саны 34 пайыздык өсүү менен 222 миң 51ге жетти. Тракторлор менен бирге жалпы өндүрүш 382 миң 504 даананы түздү.

Ал эми коммерсиялык унаа өндүрүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6 пайызга өстү.

Бул мезгилде автомобиль экспортунда мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26 пайыздык өсүү катталды.

Трактор экспорту болсо 2022-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга өсүп 5 миң 229 даана болду. Ушундайча 8,8 миллиард долларлык экспорт ишке ашты.



Тектеш кабарлар