Түркиянын даяр кийим жана тигүү өнөр жайынын экспорту
Даяр кийим жана тигүү өнөр жайы быйылкы жылдын биринчи чейрегинде 5,2 миллиард долларлык экспортко жетишти.

Даяр кийим жана тигүү өнөр жайы быйылкы жылдын биринчи чейрегинде 5,2 миллиард долларлык экспортко жетишти.
Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Түркиянын экспорту март айында өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 4,4 пайызга өсүп 23,6 миллиард доллар болду. Ушундайча бардык убактагы эң жогорку айлык экспортко жетишилди.
2023-жылдын январь-март айларында экспорт өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,5 пайызга өсүп, 61,6 миллиард долларга жетти. Экспорттун жылдык көлөмү 255,7 миллиард долларды түздү.
Даяр кийим жана тигүү өнөр жайы 2023-жылдын январь-март айларында 5 миллиард 204 миллион долларлык экспортту ишке ашырды.
Даяр кийим жана тигүү өнөр жайы айтылган мезгилде Германияга 862 миллион доллар, Испанияга 602 миллион доллар жана Нидерландияга 414 миллион долларлык товар экспорттогон.