Roketsan акыркы технологиялык өнүмдөрү менен Бразилияда
Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөрүлгөн жарманкеде Roketsan эң акыркы технологиялык өнүмдөрүн аймак өлкөлөрүндөгү колдонуучу бийликтерге тартуулоодо.


Roketsan (Рокетсан) Латын Америка аймагындагы коргонуу жана коопсуздук өнөр жайынын эң маанилүү иш-чараларынын бири болгон LAAD Коргоо жана коопсуздук жарманкесине катышууда.
Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөрүлгөн жарманкеде Roketsan эң акыркы технологиялык өнүмдөрүн аймак өлкөлөрүндөгү колдонуучу бийликтерге тартуулоодо.
Бразилиянын Коргоо министрлиги жана Бразилиянын куралдуу күчтөрү тарабынан колдоого алынган жарманкеге мамлекеттик жана жеке сектордон ондогон сектор оюнчулары да катышууда.
Түркиянын муктаждыктарын тез жана ишенимдүү камсыз кылуу менен бирге дүйнөлүк базарда маанилүү ийгиликтери менен өз тармагында эң популярдуу фирмалардын бирине айланган Рокетсан бул жарманкеге 11 өнүм менен катышууда.
Roketsan LAAD жарманкесинде көрсөтө турган өнүмдөрү; куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар (КУУA), дүйнөгө ийгилигин далилдеген MAM-L, MAM-C жана MAM-T мини акылдуу ок-дарылары, кыска аралыктагы танкка каршы куралы KARAOK, Орто аралыкка атуучу танкка каршы курал системасы OMTAS, Лазердик башкарылуучу узун аралыкка атуучу танкка каршы курал системасы LUMTAS, SUNGUR абадан коргонуу ракета системасы, жогорку тактыктагы TEBER жетектөө комплекти, жогорку технологиялары менен атаандаштарына кыр көрсөткөн HİSAR абадан коргонуу ракеталары, абадан, кургактыктан жана деңиз платформаларынан учурула ала турган ÇAKIR канаттуу ракетасы жана жаңы иштелип чыккан LEVENT жакын абадан коргонуу системасы.
Жарманкеде баа көрсөткүчү жагынан дүйнөдөгү кесиптештерине салыштырмалуу өзгөчөлөнгөн жана бүткүл дүйнөдө артыкчылыкка ээ болгон өнүмдөрү менен орун алган Рокетсан маанилүү кызматташтыктарды өнүктүрүүнү максат кылууда.
Кечээ башталган LAAD Коргоо жана коопсуздук жарманкеси 14-апрелге чейин уланат.