Кушадасына круиз менен туристтер келди

"Island Princess"  круиздик кемеси менен 1997 турист келди.

1966853
Кушадасына круиз менен туристтер келди

Круиздик туризмдин негизги борборлорунун бири болгон Айдындын Кушадасы районуна Бермуд желектүү "Island Princess"  круиздик кемеси менен 1997 турист келди.

Кушадасы Эгей портунда кемеден түшкөн, көпчүлүгү америкалык туристтердин бир бөлүгү Измирдин Селчук районундагы Ефес байыркы шаары менен Мариям эне үйүн зыярат кылуу үчүн турларга катышты. Айрым туристтер болсо Кушкадасы базарын кыдырышты.

Princess Cruises флотуна таандык круиздик кеменин районго дагы 3 саякат жасай турганы, флотко таандык кемелердин сезон бою 13 саякат жасай тургандыгы  билдирилди.

 



Тектеш кабарлар