Эл аралык Эмгек Уюму Түркия менен Сирияны тез арада колдоого чакырды

Эл аралык Эмгек Уюму кырсыктын эмгек рыногуна тийгизген таасири тууралуу баяндамасын жарыялады. Буга караганда Түркия менен Сирияда жүз миңдеген жумушчулар кыйраткыч жер титирөөлөрдөн улам оокаттарынан ажырады.

1966595
Эл аралык Эмгек Уюму Түркия менен Сирияны тез арада колдоого чакырды

Эл аралык Эмгек Уюму 6-февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн Түркия жана Сириядагы көптөгөн бизнес тармактарынын жана ишканаларынын терс таасир алганын белгилеп, бул өлкөлөрдө жүз миңдеген кызматкерлерге «тез арада колдоо көрсөтүүгө» чакырды.

Эл аралык Эмгек Уюму кырсыктын эмгек рыногуна тийгизген таасири тууралуу баяндамасын жарыялады. Буга караганда Түркия менен Сирияда жүз миңдеген жумушчулар кыйраткыч жер титирөөлөрдөн улам оокаттарынан ажырады.

Түркия боюнча алдын ала маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн улам 658 миң жумушчу оокаттарынан ажырап, 150 миңден ашуун жумуш орду жараксыз абалга келди.

Эл аралык Эмгек Уюмунун эсеби боюнча, жабыркаган ар бир жумушчу жумуш таба албай калса, ай сайын орточо 230 доллардан ашык чыгым тартат. Бул кризистен улам жер титирөө болгон аймакта ай сайын 150 миллион доллардын тегерегинде эмгек кирешеси алынбай калды.

Түркиянын жер титирөөдөн жабыркаган провинцияларында 4 миллиондон ашык жумушчу жашаса, алардын көпчүлүгү айыл чарба, өндүрүш өнөр жайы, соода же башка кошумча наркы төмөн кызматтарда иштешкен.

Сирияда 12 жылдык жарандык согуштан улам ансыз деле чоң зыян тарткан экономика жана эмгек базарынын шарттарында жер титирөөдөн улам 170 миңге жакын жумушчу жумушсуз калды. Бул жоготуу 154 миң кожолукка жана 725 миңден ашык адамга түздөн-түз таасир этсе, 35 миңге жакын микро, чакан жана орто ишканалар да зыян тартты.

Сириядагы бул убактылуу жумушсуздук айына кеминде 5,7 миллион долларга барабар эмгек кирешесин жоготууга алып келет.

Отчетто көз караштары камтылган Эл аралык Эмгек Уюмунун башкы директору Гилберт Ф.Хунгбо бул кырсыкка ийгиликтүү жана инклюзивдүү жооп кайтаруунун эң маанилүү элементи жумуштуулукту колдоо экенин белгиледи.

«Адамдар эгерде алардын турмуш-тиричилиги кайра курулса гана турмуш-тиричилигин кайра курууга кирише алышат»,-деп айткан Хоунгбо Түркия жана Сириядагы жумушчуларга чукул жана өзгөчө колдоо көрсөтүү керектигин айтты.



Тектеш кабарлар