Европада азот кычкылы «шектүү» чыккан унаалар колдонулууда...

ICCT дизелдик унааларга мыйзамсыз программалык камсыздоону орнотууга байланыштуу Европа Биримдигинин Адилет Сотунун чечимдеринен кийин «дизелдик унаалардагы NOx эмиссиясынын деңгээли» боюнча жаңы изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады.

1964278
Европада азот кычкылы «шектүү» чыккан унаалар колдонулууда...

Европада азот кычкылын (NOx) чыгаруунун деңгээли «күмөндүү» болгон 19 миллион дизелдик унаа бар.

Эл аралык Таза Транспорт Кеңеши (ICCT) дизелдик унааларга мыйзамсыз программалык камсыздоону орнотууга байланыштуу Европа Биримдигинин Адилет Сотунун чечимдеринен кийин «дизелдик унаалардагы NOx эмиссиясынын деңгээли» боюнча жаңы изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады.

Буга ылайык, Европадагы Евро 6 эмиссия стандарттары бар дизелдик унаалардын 77 пайызында жана Евро 5 эски унааларынын 85 пайызында NOx чыгаруу тестинин «шектүү» жыйынтыктары бар.

Отчетко ылайык, «экстремалдуу» эмиссиянын деңгээли изилденген 1,400 тесттин кеминде 40 пайызында аныкталган. Дизелдик унаалардан бөлүнүп чыккан азот оксидинин көлөмү «тыюу салынган түзүлүштү колдонуу мүмкүндүгүн» көрсөтүп турганы белгиленди.

ICCT отчетунда Евробиримдик менен Улуу Британияда азот кычкылынын эмиссиясынын «күмөндүү» деңгээли бар 19 миллион унаа учурда колдонулуп жатканын эсептейт.

200 моделден турган 19 миллион шектүү унаанын Евро 5 жана Евро 6 стандарттарында көптөгөн өндүрүүчүлөр тарабынан сатылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар