Fed пайыздык ченди жогорулатты
Борбордук банктын билдирүүсүндө пайыздык ченди жогорулатуу чечиминин бир добуштан алынганы белгиленди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук банкы (Fed), күтүүлөргө ылайык, саясат ченди 25 базистик пунктка жогорулатуу менен 16 жылдын эң жогорку деңгээли болгон 4,75-5 пайыз чегине чыгарды.
Борбордук банктын билдирүүсүндө пайыздык ченди жогорулатуу чечиминин бир добуштан алынганы белгиленди.
Федералдык Ачык рынок комитетинин (FOMC) узак мөөнөттүү келечекте максималдуу иш менен камсыз кылуу жана 2 пайыздык инфляцияга жетишүүнү максат кылганы баса белгиленген билдирүүдө, бул максаттарга колдоо көрсөтүү үчүн федералдык фонддордун катнашын 4,75-5 пайыз чегине чыгарууга чечим чыгарылганы билдирилди.
Ошентип, Fed саясат ченди 2007-жылдан бери эң жогорку чекке көтөрдү.
Банктын инфляция боюнча болжолдоолору быйыл 3,1 пайыздан 3,3 пайызга көтөрүлсө, 2024-жылга 2,5 пайыз жана 2025-жылга 2,1 пайыз бойдон калды.
Тектеш кабарлар

Ванга ирандык туристтер келди
Өлкөлөрүндөгү 3 күндүк эс алууну өткөрүү үчүн көп сандаган ирандык турист Ванга келди.