Түркия - Түштүк Африка соода көлөмү рекордго жетти

Түркиянын Сахарадагы эң чоң соода өнөктөшү Түштүк Африка Республикасы менен эки тараптуу соода көлөмү 2022 -  жылы 3 миллиард доллардан ашып рекорддук деңгээлге жетти.

1961444
Түркия  -  Түштүк Африка соода көлөмү рекордго жетти

 Түркиянын Сахарадагы эң чоң соода өнөктөшү Түштүк Африка Республикасы менен эки тараптуу соода көлөмү 2022 -  жылы 3 миллиард доллардан ашып рекорддук деңгээлге жетти.

Бразилия, Россия, Индия жана Кытай менен бирдикте BRICS өлкөлөрү тобунда орун алган жана Чоң жыйырмалыктын мүчөсү болгон Түштүк Африка күчтүү каржылоо жана шахта сектору менен Африканын алдыңкы экономикаларынын арасында.

60 миллион калктуу Түштүк Африка ошол эле учурда Зимбабве, Замбия, Ботсвана, Намибия, Мозамбик, Лесото жана Эсватини сыяктуу аймактык өлкөлөрдүн базарларына ачылган каалга.

Түркия менен Түштүк Африка Республикасынын ортосундагы эки тараптуу соода көлөмү 2022-жылы 60 пайызга өстү.

Түркия эң көп экспорт кылган өлкөлөрдүн тизмесинде бир жылда 20 тепкичке көтөрүлгөн Түштүк Африка 35-орунга чыкты.

Түштүк Африка рыногуна кире турган экспортчулар үчүн өзгөчө тоо-кен өнөр жайы, автомобиль, энергетика, саламаттыкты сактоо жана медициналык, таңгактоо, тамак-аш, адал тамак-аш, курулуш жана курулуш материалдары, туризм, кино жана сериалдар секторлору алдыга чыгууда.

Өлкөдө автомобиль, автомобиль запчастары жана аксессуар сектору өлкөдө маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылууда.

Түштүк Африкада Мercedes-Benz, Volkswagen, Ford, BMW, Nissan, Toyota жана Isuzu сыяктуу автомобиль өндүрүүчүлөрдүн ар кандай моделдери чыгарылууда.



Тектеш кабарлар