Салман: «Бизге чектүү бааны колдонгон эч бир өлкөгө мунай сатпайбыз»
Сауд Арабиянын расмий кабар агенттиги SPAнын маалыматына караганда, энергетика министри Бин Салман Energy Intellengence сайтына билдирүү жасады.

Сауд Арабиянын энергетика министри Абдулазиз бин Салман, өлкөсүнүн мунай экспортуна чектүү бааны киргизиши ыктымалдыгын белгилеп: «Бизге муну колдонгон эч бир өлкөгө мунай сатпайбыз»,-деди.
Сауд Арабиянын расмий кабар агенттиги SPAнын маалыматына караганда, энергетика министри Бин Салман Energy Intellengence сайтына билдирүү жасады.
Өлкөсүнүн мунай өндүрүшүн азайта турганын айткан Бин Салман: «Башка өлкөлөр да ошондой кылса таң калбайм»,-деди.
Бин Салман, «NOPEC» мыйзам долбоору менен чектик баа киргизүүнүн кеңейүүсүнүн ортосунда чоң айырма бар экенин белгилеп, «Мунун мунай базарындагы потенциалдуу таасирлери окшош экенин» белгиледи.
Сауд Арабиянын энергетика министри Абдулазиз бин Салман өлкөсүнүн мунай экспортуна чектүү бааны киргизиши ыктымалдыгын белгилеп: «Биз муну биздин жеткирүүлөрүбүзгө колдонгон эч бир өлкөгө мунай сатпайбыз. Мындай саясат тактык жана туруктуулук абдан керек болуп турган учурда жаңы тобокелдиктерди жана белгисиздикти күчөтөт. Мен мындай саясаттар рыноктун ыраатсыздыгын жана туруксуздугун сөзсүз күчөтөрүн дагы бир жолу кайталайм»,-деди.
Мунай Экспорттоочу Өлкөлөр Уюмуна (ОПЕК) каршы «Мунай өндүрүүчү жана экспорттоочу картелдерге (NOPEC) жол жок» деп аталган мыйзам долбоору биринчи жолу 2000-жылы иштелип чыгып, буга чейин 16 жолу АКШ Конгрессине кабыл алуу үчүн сунушталган.