Түркиянын анчоус экспорту

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, январь-февраль айларында 17 өлкөгө анчоус экспорттолгондугун айтты.

1959382
Түркиянын анчоус экспорту

Түркия жылдын алгачкы 2 айында анчоус экспортунан 1,5 миллион доллар киреше тапты.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, январь-февраль айларында 17 өлкөгө анчоус экспорттолгондугун айтты.

Анчоус экспортунда Франциянын алдыңкы орунда экенин белгилеген Гүрдоган, Франциядан кийин Бельгия жана Испаниянын турганын билдирди.

Гүрдоган январь-февраль айларында 303 тонна анчоус экспорттолгондугун, бул экспорттон 1 миллион 569 миң 373 доллар киреше түшкөнүн маалымдады.

Экспортто өлкөлөрдүн ар түрдүүлүгүнө көңүл бурган Гүрдоган, былтыр Швеция, Грузия, Бириккен Араб Эмирликтери, Ливан жана Сомалиге да анчоус сатылганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар