Түрк чайынын экспорту
Түркия он айда 76 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга чай сатты.

Түрк чайынын экспорту эки айда 3,2 миллион доллардан ашты.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин (DKİB) төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, Түркияда он айда 76 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга чай сатылганын айтты.
Гүрдоган 2023-жылдын январь-февраль айларында 661 тонна чай экспорттолуп, 3 миллион 274 миң 872 долларлык киреше түшкөнүн билдирди.
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде чай экспортунан 3 миллион 40 миң 290 доллар киреше алынганын белгилеген Гүрдоган сөзүн мындайча улантты:
"Чай экспортубуз өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8 пайызга өстү. Бельгия, Улуу Британия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) эң көп чай экспорт кылынган 3 өлкө болду. Бул мезгилде Бельгияга 1 миллион 149 миң 846 доллар, Улуу Британияга 397 миң 463 доллар жана Түндүк Кипр Түрк Республикасына 368 миң 934 долларлык чай экспорттолду".
Экспорттун көбөйүшү менен катар өлкөлөрдүн ар түрдүүлүгүнүн да көбөйгөнүн баса белгилеген Гүрдоган Сауд Арабия, Алжир, Дания, Молдова, Словакия, Румыния, Италия, Норвегия, Гвинея, Кения, Панама, Индонезия, Литва, Тайвань, Малайзия жана Руандага да чай сатылганын билдирди.