Түркиянын айыл чарба экспортунда рекорд

Жылдын биринчи 2 айында 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,7 пайызга өскөн айыл чарба экспорту, Түркиянын жалпы экспорт сатууларынан 16,2 пайыздык үлүштү алды.

1956823
Түркиянын айыл чарба экспортунда рекорд

Түркиянын айыл чарба сектору 5 миллиард 434 миллион доллар менен январь-февраль айларынын эң жогорку экспортун ишке ашырды.

Жылдын биринчи 2 айында 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,7 пайызга өскөн айыл чарба экспорту, Түркиянын жалпы экспорт сатууларынан 16,2 пайыздык үлүштү алды.

Айыл чарба тармагында иш алып барган 10 тармактын 5и экспорт рекорддорун жаңыртты.

Дан эгиндери, буурчак, май уруктары жана азыктары 1 миллиард 820 миллион доллар, жашылча-жемиштер 634 миллион 488 миң доллар, зайтун жана зайтун майы 201 миллион 220 миң доллар, декоративдүү өсүмдүктөр жана буюмдар 30 миллион 146 миң доллар, эмерек, кагаз жана токой өнүмдөрү 1 миллиард 204 миллион доллар менен январь-февраль айларынын эң жогорку экспортун ишке ашырды.

Рекорд жаңылаган секторлордун өлкөлөргө жараша экспорту, алгачкы 2 айда Иракка дан, буурчак, май өсүмдүктөрү жана азыктары 296 миллион 749 миң доллар, эмерек, кагаз жана токой чарба продукциялары 129 миллион 180 миң доллар, Орусияга мөмө жана жашылча-жемиштер 173 миллион 401 миң доллар, Испанияга зайтун жана зайтун майы сектору 67 миллион 417 миң доллар, Нидерландияга декоративдүү өсүмдүктөр жана өнүмдөрү 8 миллион 182 миң доллар болду.



Тектеш кабарлар