Айыл чарба секторунан экспорттун январь айындагы рекорду
Айыл чарбасында иштеген 10 сектордун ичинен 6 сектор экспорттук рекорддорду жаңыртты.

Түркияда айыл чарба сектору 2 миллиард 875 миллион доллар менен январь айынын эң жогорку экспортуна жетишти.
Январь айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,8 пайыз өскөн айыл чарба экспорту Түркиянын жалпы экспорт сатууларынан 14,8 пайыздык үлүшүн алды.
Айыл чарбасында иштеген 10 сектордун ичинен 6 сектор экспорттук рекорддорду жаңыртты.
Дан, буурчак, май уруктары жана азыктары 989 миллион 465 миң доллар, эмерек, кагаз жана токой азыктары 626 миллион 716 миң доллар, жаңы жашылча-жемиштер 325 миллион 101 миң доллар, кургатылган жемиштер жана азыктар 128 миллион 117 миң доллар, зайтун жана зайтун майы 119 миллион 781 миң доллар, декоративдүү өсүмдүктөр жана буюмдарды 13 миллион 964 миң доллар менен бардык мезгилдердин эң жогорку январь айынын экспортуна жетишти.
Айыл чарбасында рекорд койгон тармактарда Ирак, Орусия Федерациясы, Германия, Испания жана Нидерландия алдыңкы орунга чыкты.
Иракка 164 миллион 32 миң долларга дан, буурчак, май өсүмдүктөрү жана азыктар, 76,3 миллион долларга эмерек, кагаз жана токой азыктары экспорттолду.
Жашылча-жемиш сектору Орусия Федерациясына 102,9 миллион доллар экспорттоду.
Германияга 16,8 миллион доллар кургатылган жемиш жана азыктар, Испанияга 45,1 миллион доллар зайтун жана зайтун майы, Нидерландияга 3,8 миллион доллар декоративдүү өсүмдүктөр жана буюмдар сатылды.