Соода министри экспорттун январь айында 10,4 пайызга өскөндүгүн билдирди
Түркия экспортто январь айынын эң жогорку көрсөткүчүнө жетти.
1941226

Соода министри Мехмет Муш : «Январь айынын эң жогорку экспорт көлөмүнө жеттик. Январь айында экспортубуз өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 10,4 пайызга өсүп 19,4 миллиард долларга жетти»,-деди.
Министр Муш борбор шаар Анкарада билдирүү жасап, Түркиянын экспортто январь айынын эң жогорку көрсөткүчүнө жеткенин айтты.
"Экспортубуз өткөн жылы жетишилген ылдамдыгын быйылкы жылдын биринчи айында да улантып, январь айынын эң жогорку экспортуна жетти. Январь айында экспортубуз өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 10,4 пайызга өсүп 19,4 миллиард доллар болуп ишке ашты»,- деди Муш.