Fed пайыздык ченди 25 базистик пунктка көтөрдү

ББтын билдирүүсүндө пайыздык ченди жогорулатуу чечиминин бир добуштан чыгарылганы белгиленди.

1941060
Fed пайыздык ченди 25 базистик пунктка көтөрдү

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Борбордук банкы (Fed) саясат ченди 25 базистик пунктка жогорулатып, акыркы 16 жылдын эң жогорку деңгээли болгон 4,50-4,75 пайыз чегине чыгарды.

ББтын билдирүүсүндө пайыздык ченди жогорулатуу чечиминин бир добуштан чыгарылганы белгиленди.

Федералдык Ачык рынок комитетинин (FOMC) узак мөөнөттүү келечекте максималдуу иш менен камсыз кылуу жана 2 пайыздык инфляцияга жетишүүнү максат кылганы баса белгиленип, бул максаттарга колдоо көрсөтүү үчүн федералдык фонддордун катнашын 4,50-4,75 пайыз чегине чыгарууга чечим чыгарылганы билдирилди.

Билдирүүдө, акыркы көрсөткүчтөрдүн чыгаша жана өндүрүштө орточо өсүшкө ишарат кылганы билдирилип, акыркы айларда жумуштуулуктун өсүшүнүн күчтүү болгону жана жумушсуздук көрсөткүчүнүн төмөн бойдон калууга уланганы белгиленди.

Fed билдирүүсүндө, «Инфляция бир аз төмөндөдү, бирок жогору бойдон калууда»,-деп баалоосуу көңүл бурду.

Комитеттин инфляциялык тобокелдиктерге өтө кылдат мамиле кылганы баса белгиленген билдирүүдө: «Орусия-Украина согушу эбегейсиз адамдык жана экономикалык кыйынчылыктарды жаратып, глобалдык белгисиздиктин күчөшүнө салым кошууда»,делди.

Билдирүүдө, Комитеттин акча-кредит саясатынын инфляцияны 2 пайызга чейин жеткире турган чектөөчү позицияны кабыл алуусу пайыздык чендерде «уланган» жогорулатуунун ылайыктуу болору кайталанган.



Тектеш кабарлар