Түркияга 2022-жылы эң көп германиялык туристтер келди
Түркия 2022-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 71,07 пайыздык өсүү менен 51 миллион 387 миң 513 туристти кабыл алды.

2022-жылы Түркияга эң көп турист жиберген өлкө 5 миллион 679 миң 194 киши менен Германия болду.
Маданият жана туризм министрлигинин интернет барагындагы жарыяга караганда, Түркия 2022-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 71,07 пайыздык өсүү менен 51 миллион 387 миң 513 туристти кабыл алды.
Январь-декабрь айларында эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн рейтингинде Германия 5 миллион 679 миң 194 киши менен биринчи орунду ээледи.
Мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,74 пайыздык өсүү болгон Германиядан кийин 11,74 пайыздык өсүү жана 5 миллион 232 миң 611 киши менен Орусия, 7,56 пайыздык өсүү жана 3 миллион 370 миң 739 киши менен Британия турат. Британиядан кийин Болгария жана Иран бар.
Түркияга 2022-жылдын декабрь айында келген чет элдиктердин саны да мурунку жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 26,79 пайызга өсүп 2 миллион 399 миң 441 болду.
Тектеш кабарлар

АКШ менен Алжирден келген кемелер Түркияга жетти
Бул тууралуу Эл аралык кеме көзөмөлдөө маалыматтарынан алынган маалыматтарда орун алды.