Түркия экспорт жасаган өлкө саны 47ге жетти
Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Түркиянын экспорту 2022 - жылы өткөн жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга өсүп, 254 миллиард 209 миллион 535 миң долларга жетти.

Түркия 1 миллиард доллардан ашык экспорт кылган өлкөлөрдүн саны 47ге жетти.
Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Түркиянын экспорту 2022 - жылы өткөн жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга өсүп, 254 миллиард 209 миллион 535 миң долларга жетти.
Экспорт 1 миллиард доллардан ашкан өлкө саны 43төн 47ге көтөрүлдү жана Түштүк Африка Республикасы, Беларусь, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы биринчи жолу тизмеге кирди. 47 өлкөгө жасалган жалпы экспорт 189,3 миллиард долларды түздү.
Эң көп экспорт жасалган өлкөлөрдүн башында 18, 91 миллиард доллар менен Германия турса, экинчи орунда 14.36 миллиард доллар менен АКШ, үчүнчү орунда 12, 25 миллиард доллар менен Бириккен Королдук орун алды.
Италия 11,23 миллиард доллар менен төртүнчү, ал эми Ирак 10,48 миллиард доллар менен бешинчи орунда эки орундуу сандарга жетти.
Алдыңкы 10го кирген башка өлкөлөр Испания, Франция, Россия Федерациясы, Нидерландия жана Израиль болуп, бул өлкөлөргө экспорт эки орундуу санга жетти.
Румыния, Польша, Болгария, Бельгия, Египет, Бириккен Араб Эмирликтери, Марокко, Кытай, Греция жана Ливан да эң популярдуу базарлардан болду.
Өткөн жылы экспортто эң көп өсүү 97 пайыз менен Түштүк Африка Республикасында болсо, бул өлкөдөн кийин 64,2 пайыз менен Ливан жана 45 пайыз менен Россия турат.
Экспорттун өсүүсүндө Түндүк Кипр Түрк Республикасы 39,3 пайыз менен төртүнчү, Грузия 33,9 пайыз менен бешинчи орунду алды.
Катарга экспорт 31,8 пайызга, Румынияга 30,2 пайызга, Индияга 21,8 пайызга, Болгарияга 21,4 пайызга жана Белоруссияга 21,1 пайызга өстү. Сербия, Нидерландия, Алжир, Польша, Ирак жана Тунис да жогорку өсүш болгон базарлардын арасында орун алды.
Тектеш кабарлар

Милас-Бодрум аэропорту сезонду ачты
166 жүргүнчү EasyJet Airlines А-320 учагы менен Бристолдон Бодрумга келди.