Анчоустун экспортунан 11,1 миллион долларлык киреше түштү
Түркиядан 26 өлкөгө анчоус сатылды.
1931158
Өткөн жылы Түркиядан 26 өлкөгө 11 миллион 137 миң 463 долларга анчоус экспорттолду.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар ассоциациясынын маалыматына караганда, 2022-жылы экспорттолгон анчоустун көлөмү 2 миң 102 тонна болду.
Анчоустун экспортунан 11 миллион 137 миң 463 долларлык киреше түштү.
Франция, Бельгия жана Америка Кошмо Штаттары (АКШ) эң көп экспорт кылган 3 өлкө болду.
Өткөн жылы Францияга 4 миллион 435 миң 719, Бельгияга 3 миллион 626 миң 812 жана АКШга 905 миң 128 долларлык анчоус сатылды.
Мурунку жылдан айырмаланып былтыр Казакстан, Сирия жана Кенияга да анчоус сатылды.
Тектеш кабарлар
Түркия тышкы соодада өсүүнү улантууда
Январь-ноябрь айларында экспорт 2,5 пайызга өсүп 238 миллиард 486 миллион долларга жетти.