Түркия 2022 - жылы фундук экспортунан 1.7 миллиард доллар киреше тапты

Кара деңиз фундук жана азыктарын экспорттоочулар бирикмеси бул тууралуу маалымат берди.

1927259
Түркия  2022 -  жылы фундук экспортунан 1.7 миллиард доллар киреше тапты

Өткөн жылы Түркиядан 1,7 миллиард долларга жакын фундук экспорттолду.

Кара деңиз фундук жана азыктарын экспорттоочулар бирикмесинин (KFMİB) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2022-жылы 127 өлкөгө 312 миң 564 тонна фундук экспорттолгону белгиленди.

Билдирүүдө бул экспорт менен 1 миллиард 748 миллион 835 миң 811 доллар киреше алынганы, экспорттун 2021-жылга салыштырмалуу сумма боюнча 9,24 пайызга, нарктык негизде 22,62 пайызга азайгандыгы билдирилди.

Билдирүүдө 1 -  сентябрда башталган 2022 – 2023 - жылдардын экспорттук сезонунун алгачкы төрт айында 130 миң 606 тонна фундук сатуудан 742 миллион 10 миң 356 доллар киреше түшкөнү маалымдалды.

 



Тектеш кабарлар