Стамбул аэропорту Европанын эң кыймылдуу аэропорту болду

Өткөн жылы Стамбул аэропортунан кийин күнүмдүк орточо 1140 каттам менен Амстердам, 1122 каттам менен Париж, 1048 каттам менен Франкфурт жана 1042 каттам менен Лондон аэропрттору келди.

1927076
Стамбул аэропорту  Европанын эң кыймылдуу аэропорту болду

Стамбул аэропорту 2022 - жылы күнүнө орто эсеп менен 1156 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту болду.

Европа Аэронавигациялык коопсуздук уюму (EUROCONTROL) 2021 - жылдын европалык аэропорттор жана аба каттамдары боюнча кеңири отчетун жарыялады.

Ковид-19 эпидемиясынын башталышы болгон 2019 - жылга салыштырмалуу  баа берилген отчетко караганда, Стамбул аэропорту эпидемиядан мурун учуу санына жетишкен Европадагы жалгыз аэропорт болду.

Өткөн жылы Стамбул аэропортунан кийин күнүмдүк орточо 1140 каттам менен Амстердам, 1122 каттам менен Париж, 1048 каттам менен Франкфурт жана 1042 каттам менен Лондон аэропрттору келди. 

 

 



Тектеш кабарлар