Орус туристтер жаңы жылда Түркияны тандашты

Түркияга 2022 - жылдын 11 айында 42 миллион 164 миң 954 чет элдик турист келди.

1925546
Орус туристтер жаңы жылда Түркияны тандашты

 Түркия жаңы жылда да орус туристтеринин тандаган жери болду.

Орус маалымат агенттиги РИА Новостинин Купибилетаттуу саякат сайтынын маалыматына таянып берген кабарында, Россияда жаңы жылда жарандардын саякат үчүн эң көп билет алган өлкөлөр тууралуу маалыматтарга орун берилди.

Кабарда жаңы жылда жарандар эс алуу үчүн Түркияны тандагандыгы белгиленип, билет сатууда Түркия үлүшүнүн 28 пайыздан ашкандыгы белгиленди.

Кабарда Түркиядан кийин Армениянын 16 пайыздык үлүш менен экинчи, Израиль менен Азербайжандын 7 пайыздык үлүш менен үчүнчү орунда экени билдирилди.

Маданият жана туризм министрлиги жарыялаган туризм статистикасына караганда Түркияга 2022 - жылдын 11 айында 42 миллион 164 миң 954 чет элдик турист келип, Россия Федерациясы болсо 4 миллион 945 миң 198 киши менен Германиядан кийин экинчи орунду алды.



Тектеш кабарлар