Түркиянын экспорту өстү

Өлкөнүн экспорту ноябрь айында 21,9 миллиард долларга жетти.

1914014
Түркиянын экспорту өстү

Түркиянын экспорттогу күчтүү көрсөткүчү уланууда.

Өлкөнүн экспорту ноябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 1,9 пайызга өсүп 21,9 миллиард долларга жетти.

Соода министри Мехмет Муш, Түркиянын ноябрь айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн Аданада жарыялады.

Мехмет Муш: "2022-жылдын биринчи үч чейрегинде товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр экспортубуз 14,5 пайызга көбөйүү менен экспорттун өсүүгө кошкон салымы 3,4 пунктту түздү",- деди.

Ноябрь айында Түркиядан эң көп экспорт жасалган өлкөлөр Германия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Ирак болду.

Ноябрда Филиппинге экспорт 10 эсеге, Сауд Арабияга 9 эсеге өстү.

Соода министри, Түркиянын январь-ноябрь мезгилиндеги экспортунун болсо 14 пайызга өсүп, 231 миллиард долларга жеткенин маалымдады. 



Тектеш кабарлар