Түркиянын экономикасы үчүнчү чейректе 3,9 пайызга өстү

Түркия статистика мекемеси, быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинин ички дүң продукциясынын (ИДП) жыйынтыгын жарыялады.

1912842
Түркиянын экономикасы үчүнчү чейректе 3,9 пайызга өстү

Түркиянын экономикасы жылдын үчүнчү чейрегинде 3,9 пайызга өстү.

Түркия статистика мекемеси, быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинин (июль-сентябрь) ички дүң продукциясынын (ИДП) жыйынтыгын жарыялады.

Буга ылайык, ИДП 2022-жылдын үчүнчү чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү чейрегине салыштырмалуу 3,9 пайызга өстү.

2022-жылдын үчүнчү чейрегинде өткөн жылга салыштырмалуу каржы жана камсыздандыруу кызматы 21,6 пайыз, маалымат жана байланыш кызматы 13,9 пайыз, кесиптик, административдик жана көмөкчү кызматы 12,6 пайыз, мамлекеттик башкаруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө кызматы 7,6 пайыз, тейлөө кызматтары 6,9 пайыз, берки кызмат көрсөтүүлөр 4,9 пайыз, кыймылсыз мүлк кызматы 4,1 пайыз, айыл чарба, токой чарба жана балык чарбасы 1,1 пайыз жана өнөр жай 0,3 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар