Түркиянын экспорту

Октябрь айынын болжолдуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1912281
Түркиянын экспорту

Түркиянын экспорту октябрь айында 21 миллиард 328 миллион доллар болду.

Түркиянын Статистика мекемеси жана Соода министрлигинин кызматташтыгында түзүлгөн октябрь айынын болжолдуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

Буга ылайык, жалпы соода системасынын (GTS) алкагында экспорт өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 3 пайызга өсүп, 21 миллиард 328 миллион долларга жетти.

Январь-октябрь айларында экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,4 пайызга өсүп 209 миллиард 394 миллион доллар болду.



Тектеш кабарлар