Набати Аль Жасер менен жолугушту

Небати жолугушуунун кыйла жемиштүү өткөнүн белгиледи.

1911723
Набати Аль Жасер менен жолугушту

Казына жана каржы министри Нуреддин Набати Ислам өнүктүрүү банкынын төрагасы Мухаммед Аль Жасер менен жолугушту.

Набати Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, 28-29-ноябрда Стамбулда өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун Экономикалык жана Соода Кызматташтык боюнча Туруктуу комитетинин (COMCEC) 38-министрлер жыйынына байланыштуу Ислам өнүктүрүү банкынын төрагасы Аль Жасер менен жолугушканын айтты.

Жолугушуунун кыйла жемиштүү болгонун белгилеген Небати: «Банк менен өлкөбүздүн ортосундагы тыгыз кызматташууга канааттанганыбызды билдирдик. Мындан тышкары, Түркиянын Банкка колдоосу баса белгиленген жолугушууда, өлкөбүздүн күчтүү экономикасы менен сунуш кылган инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча кеңештик»,-деди.



Тектеш кабарлар