Чыгыш Кара деңизден аквакультура экспортунун көбөйүшү
2022-жылдын январь-октябрь айларында аквакультура өнүмдөрү Чыгыш Кара деңиз аймагынан 19 өлкөгө экспорттолду.
Түркиянын Чыгыш Кара деңиз аймагынан балык чарба экспортунан алынган киреше жылдын 10 айында 71 пайызга өсүп 116 миллион 340 миң долларга жетти.
2022-жылдын январь-октябрь айларында аквакультура өнүмдөрү Чыгыш Кара деңиз аймагынан 19 өлкөгө экспорттолду.
Бул аралыкта облустан 17 миң 286 тонна суу өнүмдөрү экспорттолуп, 116 миллион 340 миң доллар киреше алынган.
Буга ылайык, балык өнүмдөрүнүн экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу киреше жагынан 71 пайызга, сан жагынан 37 пайызга өстү.
Эң көп экспорт Орусия, Вьетнам жана Жапонияга жасалган.
Орусияга 70 миллион 477 миң долларлык, Вьетнамга 21 миллион 857 миң долларлык, Жапонияга 5 миллион 832 миң долларлык балык өнүмдөрү сатылды.
Тектеш кабарлар
Түркия тышкы соодада өсүүнү улантууда
Январь-ноябрь айларында экспорт 2,5 пайызга өсүп 238 миллиард 486 миллион долларга жетти.