Стамбул аэропорту лидерлигин улантууда
Германиянын аба жолу фирмасы Lufthansa болсо 1106 каттам менен Tүк аба жолдорунан кийин 3-орунду алды.
Европадагы аэропорттор арасында биринчи орунду ээлеген Стамбул аэропорту ноябрь айында да лидерлигин улантууда.
2022 - жылдын 18 - 24 - ноябрындагы Европа Аэронавигация коопсуздугу уюму EUROCONTROLдун маалыматы боюнча; Стамбул аэропорту күнүнө орто эсеп менен 1220 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту болду.
Стамбул аэропортунан кийин 1143 каттам менен Лондон Хитроу аэропорту (Англия) жана 1106 каттам менен Париж - Шарль де Голль аэропорту (Франция) болду.
Сөзү болгон бул мезгилде Түркия күнүнө орто эсеп менен 2205 каттам менен Европанын эң көп каттамк көлөмүнө ээ өлкөлөрүнүн арасында 6 - орунду алды.
Түрк аба жолдору болсо Европада эң көп каттам жасаган авиакомпаниялардын арасында күнүнө орточо 1194 каттам менен 2-орунга көтөрүлүп, кеңири учуу тармагына ээ болгон ташуучулар арасындагы лидерлигин сактап калды.
Германиянын аба жолу фирмасы Lufthansa болсо 1106 каттам менен Tүк аба жолдорунан кийин 3-орунду алды.