Түркияда шамалдан электр энергиясын өндүрүүдө рекорд

Түркияда кечээ 817 миң 296 мегаватт-саат электр энергиясы өндүрүлдү.

1909413
Түркияда шамалдан электр энергиясын өндүрүүдө рекорд

Түркиянын шамал энергиясынан электр энергиясын өндүрүүсү кечээ 204 миң 375 мегаватт саат менен тарыхтын эң жогорку чегине жетип, шамалдын жалпы электр өндүрүшүндөгү үлүшү 25 пайызды түздү.

Түркиянын электр өткөргүч AŞ (TEİAŞ) ишканасынын маалыматына караганда, кечээ Түркияда 817 миң 296 мегаватт-саат электр энергиясы өндүрүлдү.

Өндүрүштөгү 25 пайыздык үлүш менен шамал электр станциялары биринчи орунду ээледи. Шамал электр станцияларынан кийин 24,7% менен импорттук көмүр жана 14,9% менен лигнит станциялары турат.

Ушундача Түркияда шамал энергиясынан өндүрүлгөн электр энергиясы 204 миң 375 мегават саат менен тарыхтын эң жогорку чегине жетти.

Шамалдан электр энергиясын өндүрүүдө акыркы рекорд 2-апрелде 203,6 мегаватт саатка жеткен.



Тектеш кабарлар