Түрк экономикасына OECD болжолу
OECD Түрк экономикасынын 2024-жылы 3,4 пайызга өсөөрүн болжолдоду.
1909559
Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюму (OECD) Түрк экономикасынын быйылкы жылдын аягында 5,3 пайызга, келерки жылы 3 пайызга өсүүсү күтүлгөнүн билдирди.
OECDнин 3-чейрекке карата Глобалдык көз караш отчетунда, Түрк экономикасынын 2024-жылы 3,4 пайызга өсүүсү күтүлгөнү белгиленди.
Отчетто түрк экономикасына байланыштуу: «Каржы саясаты, энергия керектөөчүлөрүнө колдоо чаралары жана мамлекеттин дымактуу социалдык турак жай долбоорлору менен проекциялык мезгил бою колдоо көрсөтүүнү улантат»,-деп айтылды.
OECD өлкөлөрү ушул жылдын аягында 2,8 пайызга, 2023-жылы 0,8 пайызга жана 2024-жылы 1,4 пайызга өсөт деп болжолдонууда.