Түркиянын чай экспорту

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, 10 айда 110 өлкөгө өлкөдөн чай сатылганын айтты.

1907631
Түркиянын чай экспорту

Жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында Түркиянын чай экспорту 25 пайызга өсүп 18 миллион 26 миң 999 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, 10 айда 110 өлкөгө өлкөдөн чай сатылганын айтты.

Гүрдоган 2022-жылдын январь-октябрь айларында 5 миң 246 тонна чай экспорттолгондугун, 18 миллион 26 миң 999 доллар киреше түшкөнүн билдирди.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 3 миң 882 тонна чай экспортунан 14 миллион 424 миң 720 доллар киреше түшкөнүн айткан Гүрдоган: «Чай экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көлөмү жагынан 35 пайызга, нарк жагынан 25 пайызга өстү. Бельгия, Британия жана Германия эң көп экспорт кылынган 3 өлкө болду. Бул мезгилде Бельгияга 4 миллион 51 миң 90, Улуу Британияга 2 миллион 498 миң 973, Германияга болсо 1 миллион 925 миң 873 долларлык чай экспорттолду»,-деди.

Экспорттун көбөйүшү менен катар өлкөлөрдүн ар түрдүүлүгүнүн да көбөйгөнүн белгилеген Гүрдоган, бул мезгилде Конго, Йемен, Колумбия, Эстония жана Боливияга да чай сатылганын маалымдады.



Тектеш кабарлар