Түрк компаниясынан Египетке инвестиция

Египеттин Өнөр жай жана соода министрлиги билдирүү жасады.

1907422
Түрк компаниясынан Египетке инвестиция

Түркиянын үй эмеректери фирмаларынын бири Арчелик Египетке 100 миллион долларлык инвестиция салат.

Египеттин Өнөр жай жана соода министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын Шарм эл-Шейхте өткөрүлгөн 27-конференциясынын алкагында Египеттин өнөр жай жана соода министри Ахмед Семир, Арчелик компаниясынын башкы директору Хакан Булгурлу менен жолугушту.

Инвестициянын чоо-жайына токтолгон египеттик министр Ахмед: «Компания (Арчелик) 100 миллион долларлык инвестиция менен жылдык өндүрүш кубаттуулугу 1,5 миллион электроникалык аппарат болгон ишкананы куруп, ички рынокко ачылууну жана чет өлкөгө экспорттоону пландаштырууда. Иш жүзүндө өндүрүштүн келерки жылдын аягында башталышы күтүлүүдө»,-деди.

Бир тараптан египеттик министр Ахмед, Арчеликтин өлкөсүндө ачууну пландаган ишканада болжол менен 2 миң египеттиктин жумуш менен камсыз боло турганын айтты.

Ахмед Семир ишканада өндүрүлө турган үй эмеректеринин 60 пайызынын чет өлкөгө экспорттоло турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар