Балкан өлкөлөрүнө экспорт 10 айда 17 миллиард доллардан ашты

Түркия экспортчулар ассамблеясы көрсөткүчтөрдү жарыялады.

1907089
Балкан өлкөлөрүнө экспорт 10 айда 17 миллиард доллардан ашты

Балкан өлкөлөрүнө экспорт жылдын 10 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 21,8 пайызга өсүп 17 миллиард 286 миллион долларга жетти.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Албания, Босния-Герцеговина, Болгария, Хорватия, Черногория, Косово, Түндүк Македония, Румыния, Сербия, Словения жана Греция баш болгон Балкан аймагына жылдын 10 айында 17 миллиард 286 миллион долларлык экспорт жасалды.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 14 миллиард 188 миллион доллар деңгээлинде болсо, бир жылдын ичинде Балкан аймагына экспорт 21,8 пайызга өстү.

Бул мезгилде Балкан өлкөлөрүнүн ичинен эң көп экспорт 5 миллиард 229 миллион доллар менен Румынияга жасалды.

Румыниядан кийин 3 миллиард 763 миллион доллар менен Болгария, 2 миллиард 385 миллион доллар менен Греция, 1 миллиард 434 миллион доллар менен Сербия, 1 миллиард 366 миллион доллар менен Словения турат.

Ошол эле мезгилде Албанияга 836 миллион 630 миң доллар, Босния-Герцеговинага 602 миллион 474 миң доллар, Түндүк Македонияга 537 миллион 756 миң доллар, Косового 520 миллион 382 миң доллар, Хорватияга 482 миллион 64 миң доллар, 482 миллион 64 миң доллар88 Черногорияга 122 миң долларлык экспорт ишке ашты.



Тектеш кабарлар