Түрк аба жолдорунун ташыган жүргүнчү саны 60 миллиондон ашты
Түрк аба жолдору октябрь айына таандык аба кыймылынын жыйынтыгын коомчулукка ачыктоо платформасында жарыялады.

Түрк аба жолдору THYнын жылдын 10 айында ташыган жүргүнчү саны 60,5 миллионго жетти.
THY октябрь айына таандык аба кыймылынын жыйынтыгын коомчулукка ачыктоо платформасында жарыялады.
Октябрь айындагы орундук сыйымдуулугу коронавирус эпидемиясынан мурдагы 2019 – жылдын ошол эле мезгилине караганда 8 пайызга арттырган THY 85,2 сыйымдуулук катнашы менен 6,6 миллион жүргүнчү ташыды.
Өткөн айга таандык маалыматтардын такталышы менен бирге THYнын жылдын 10 айында ташыган жүргүнчү саны 60,5 миллионго жетти.
Октябрь айынын акырынан тарта флотунда 388 учак болгон THYнын ташыган карго - почтасы 2019 - жылдын ошол эле мезгилине караганда 11, 2 пайыздык өсүү менен 1,4 миллион тоннага жетти.
Тектеш кабарлар

Айыл чарба секторунан экспорттун январь айындагы рекорду
Айыл чарбасында иштеген 10 сектордун ичинен 6 сектор экспорттук рекорддорду жаңыртты.