Буудайдын баасы төмөндөдү

Игорь Конашенков, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) катышуусу жана Түркиянын колдоосу менен дан келишимине байланыштуу Украинадан керектүү жазуу жүзүндөгү кепилдиктерди алышкандарын айтты.

1901284
Буудайдын баасы төмөндөдү

Түркиянын дипломатиялык демилгелеринен кийин Орусиянын дан келишимине кайтып келиши менен буудайдын баасы 6 пайыздан ашык арзандады.

Геосаясий жагдайлар менен биргеликте чийки зат рыногунда өзгөрүү курсу байкалууда.

Орусия Кара деңиз келишимин токтотконун жарыялагандан кийин кескин көтөрүлгөн буудайдын баасы бүгүн Түркиянын дипломатиялык демилгелеринен кийин Орусиянын дан келишимине кайтып келишинен улам кайра арзандады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) катышуусу жана Түркиянын колдоосу менен дан келишимине байланыштуу Украинадан керектүү жазуу жүзүндөгү кепилдиктерди алышкандарын айтып: «Орусия алган кепилдиктерди жетиштүү деп тапты, дан келишимине катышууну улантат»,- деди.

Бул жагдайлар менен биргеликте Чикаго соода биржасында дүйшөмбү күнү 6,4 пайызга, шейшемби күнү 2,3 пайызга жогорулаган буудай фьючерстик келишимдеринин баасы бүгүн 6 пайыздан ашык төмөндөп, 8,43 долларга жетти.



Тектеш кабарлар