Газпромдун жаратылыш газынын экспорту жана өндүрүшү кыскарды

Газпромдун билдирүүсүнө караганда, үстүбүздөгү жылдын 10 айында ишкананын жаратылыш газ өндүрүүсү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,6 пайызга азайып, 344 миллиард куб метрге түшкөн.

1900732
Газпромдун жаратылыш газынын экспорту жана өндүрүшү кыскарды

Орусиянын энергетика фирмасы Газпром январь-октябрь айларында жаратылыш газ экспортунун өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 42,6 пайызга азайгандыгын, өндүрүштүн болсо 18,6 пайызга азайгандыгын билдирди.

Газпромдун билдирүүсүнө караганда, үстүбүздөгү жылдын 10 айында ишкананын жаратылыш газ өндүрүүсү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,6 пайызга азайып, 344 миллиард куб метрге түшкөн.

Аталган мезгилде компаниянын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен (КМШ) тышкаркы өлкөлөргө жаратылыш газ экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 42,6 пайызга азайып, 91,2 миллиард куб метрди түздү.

Билдирүүдө Кытайга «Сибирь күчү» кууру аркылуу газ ташуулары көбөйгөндүгү айтылып, ташуу келишимдик милдеттенмелерден ашыкча аткарылганы белгиленди.

Билдирүүдө Европадагы жер астындагы жаратылыш газ сактоочу жайлардын эң жогорку деңгээлдеги толуп калуусу кыш мезгилинин ишенимдүү өтүшүнө кепилдик бербегени белгиленди.

Билдирүүдө глобалдык жаратылыш газ талабынын жылдын 10 айында 40 миллиард метр кубдан ашык азайганы, Европа Биримдиги менен Англиянын 40 миллиард метр куб менен глобалдык суроо-талаптын азайышында 95 пайыздык үлүшкө ээ болгону белгиленди.



Тектеш кабарлар