Түркиянын туризм кирешеси өстү

Түркиянын статистикалык мекемеси (TҮИК) ушул жылдын июль - сентябрь айларынын туризм статистикасын жарыялады.

1898492
Түркиянын туризм кирешеси өстү

Түркиянын туризм кирешеси жылдын үчүнчү чейрегинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 27,1 пайызга өсүп 17 миллиард 952 миллион 361 миң доллар болду.

Түркиянын статистикалык мекемеси (TҮИК) ушул жылдын июль - сентябрь айларынын туризм статистикасын жарыялады.

Буга ылайык туризм кирешеси үчүнчү чейректе өткөн жылдын ушул эле чейрегине караганда 27,1 пайызга өстү. Аталган мезгилде туризм кирешеси 17 миллиард 952 миллион 361 миң доллар болду.

Бул мезгилде чет элдик туристтер Түркияга 75, 1 пайыз менен «кыдыруу, көңүл ачуу, спорттук жана маданий иш  -  чаралар» максатында келген.

Түркиянын туризм кирешеси январь  -  сентябрь мезгилинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 67,9 пайызга өсүп, 35 миллиард 28 миллион 540 миң долларга жетти.

Ошол эле мезгилде келген туристтердин саны 94 пайызга өсүп 39 миллион 390 миң 915 адамга жетти.

Түркияга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн тизмесинде биринчи 9 айда андан мурунку жылдын ушул эле мезгилине караганда 99,6 пайыздык өсүү жана 4 миллион 527 миң 853 турист менен Рермания биирнчи орунду, 11,8 пайыздык өсүү жана 3 миллион 864 миң 898 турист менен Россия Федерациясы экинчи орунду, 1952 , 9 пайыздык өсүү жана 2 миллион 817 миң 271 турист менен Британия үчүнчү орунду алды. 

Британиядан кийин кезеги менен Болгария менен Иран келди. 

 

 



Тектеш кабарлар