Түркиядан 101 өлкөгө чили калемпир экспорттолду

Чили калемпиринин экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3 пайызга өстү.

1894403
Түркиядан 101 өлкөгө чили калемпир экспорттолду

Бул жылдын январь  - сентябрь айларында Түркиядан жасалган чили калемпир экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 3 пайызга өсүп, 6 миллион 817 миң долларга жетти.

Түштүк - Чыгыш Анадолу экспортчулар бирикмелеринин (GAİB) маалыматына караганда, 2021-жылы Түркиядан 9 миллион 222 миң доллар чили калемпири экспорту жасалды.

Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында 2 миң 601 тонна продукциядан 6 миллион 602 миң доллар киреше алынып,  бул жылдын ушул эле мезгилинде 2 миң 954 экспорттон 6 миллион 817 миң доллар киреше алынды.  

Чили калемпиринин экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3 пайызга өстү.

Бул мезгилде 101 өлкө, анын ичинде Германия, Нидерланды, Англия, Ирак, Америка Кошмо Штаттары, Франция, Россия, Бириккен Араб Эмираттары, Чехия, Дания, Мальта, Тажикстан, Экватордук Гвинея, Куба, Того, Марокко, Нигер, Япония жана Ганага да чили калемпири сатылды.

Чили калемпирин экспорттоодо 1 миллион 519 миң доллар менен Германия биринчи орунду алды. Бул өлкөдөн кийин 908 миң доллар менен Нидерландия жана 885 миң доллар менен Британия келди.

 



Тектеш кабарлар