Катардын соода министри Түркия менен орток көз карашты мактады

Министр Аль Сани Катардын расмий кабар агенттиги QNAга Түркия менен Катардын ортосундагы экономикалык жана эки тараптуу темалардагы кызматташтыкка байланыштуу билдирүү жасады.

1893353
Катардын соода министри Түркия менен орток көз карашты мактады

Катардын соода жана өнөр жай министри Мухаммед бин Хамед бин Касым Аль Сани өлкөсүнүн Түркия менен аймактык жана эл аралык темалардагы орток көз карашын мактады.

Министр Аль Сани Катардын расмий кабар агенттиги QNAга Түркия менен Катардын ортосундагы экономикалык жана эки тараптуу темалардагы кызматташтыкка байланыштуу билдирүү жасады.

Катар менен Түркиянын аймактык жана эл аралык темадагы орток көз карашын мактаган министр, эки өлкөнүн ортосундагы бул абалдын соода көлөмүнө жана экономикалык кызматташтыкка оң таасирин тийгизгенин баса белгиледи.

" 2014-жылдан 2021-жылга чейин эки өлкөнүн ортосундагы соода 80 пайызга өстү. Биз жакынкы жылдарда муну 5 миллиард доллардан ашырганга чечкиндүү аракеттерди көрүп жатабыз",-деп айткан министр Аль Сани, Катардын Түркияга негизги экспорту иштетилбеген алюминий, суюлтулган газ жана пластмасса буюмдары болсо, Түркиядан эң маанилүү импорту курулуш материалдары, электр жана электрондук жабдуулар, эмеректер, килемдер, курулуш материалдары, сүт жана азыктар менен зер буюмдары экенин маалымдады.

Аль Сани 2014-жылы эки өлкөнүн ортосунда демилгеленген Биргелешкен жогорку стратегиялык комитеттин түзүлүшүнөн бери экономика, өнөр жай, коргонуу, коопсуздук, инвестиция, энергетика, маданият, интеллектуалдык менчик, билим берүү, жаштар жана башкалар сыяктуу маанилүү тармактарда 68ден ашуун келишимге кол коюлганын эске салды. 

Өлкөсүнүн Катар Эркин Аймактар ​​Башкармалыгынын көзөмөлүндөгү аймактарда «Катарда түрк эркин экономикалык аймагын курууну» сунуштаганын белгилеген Аль Сани, бул кадамдын түрк инвесторлоруна Индия, Азия жана Африкадагы кошумча базарларга кирүүсүн камсыздай турганын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Санинин катышуусунда жума күнү түрдүү тармактарда 11 кызматташтык келишимине жана Жогорку стратегиялык комитеттин 8-жыйынынын биргелешкен билдирүүсүнө кол коюлду.

Катардагы гезиттер Түркия менен Катардын ортосундагы Жогорку стратегиялык комитеттин 8-жыйынынан кийин эки өлкөнүн шериктештигин жана кызматташтыгын мактаган макалаларды башташты.



Тектеш кабарлар