Балкан өлкөлөрүнө экспорт 9 айда 15,5 миллиард доллардан ашты

Эң көп экспорт 4 миллиард 776 миллион доллар менен Румынияга жасалды.

1892896
Балкан өлкөлөрүнө экспорт 9 айда 15,5 миллиард доллардан ашты

Түркиянын Балкан өлкөлөрүнө экспорту жылдын 9 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 24,9 пайызга өсүп 15 миллиард 698 миллион долларга жетти.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда, Албания, Босния-Герцеговина, Болгария, Хорватия, Черногория, Косово, Түндүк Македония, Румыния, Сербия, Словения жана Греция менен бирге Балкан аймагына жылдын 9 айында 15 миллиард 698 миллион долларлык экспорт жасалды.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 12 миллиард 571 миллион доллар деңгээлинде болсо, Балкан аймагына экспорт өткөн жылы 24,9 пайызга өстү.

Белгиленген мезгилде Балкан өлкөлөрүнүн ичинен эң көп экспорт 4 миллиард 776 миллион доллар менен Румынияга жасалды.

Румыниядан кийин 3 миллиард 428 миллион доллар менен Болгария, 2 миллиард 169 миллион доллар менен Греция, 1 миллиард 302 миллион доллар менен Сербия, 1 миллиард 221 миллион доллар менен Словения турат.

Ошол эле мезгилде Албанияга 742 миллион 847 миң доллар, Босния-Герцеговинага 548 миллион 125 миң доллар, Түндүк Македонияга 488 миллион 552 миң доллар, Косового 463 миллион 164 миң доллар, Хорватияга 439 миллион 164 миң доллар, Хорватияга 439 миллион 164 миң доллар, Черногорияга 677 миң долларлык экспорт жасалды.



Тектеш кабарлар