Түркиядан 9 айда 146 миллион долларлык мисте экспорттолду
2021-жылы 110 өлкөгө 209 миллион 686 миң долларлык мисте экспорттолду.

Жылдын 9 айында Түркиядан 100 өлкөгө мисте экспорту 145 миллион 958 миң долларды түздү.
Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда, 2021-жылы 110 өлкөгө 209 миллион 686 миң долларлык мисте экспорттолду.
Өткөн жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында 12 миң 319 тонна мистеден 129 миллион 816 миң долларлык киреше алынса, быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 100 өлкөгө экспорттун көлөмү нарктык негизде 12 пайызга өстү жана 145 миллион 958 миң долларлык киреше түштү.
Жылдын үчүнчү чейрегинде Ирак, Грузия, Нидерландия, Алжир, Малайзия, Япония, Марокко, Франция, Оман, Дубай, Бельгия, Испания, Австрия жана Орусия да арасында болгон 100 өлкөгө 15 миң 941 тонна мисте экспорттолду.
Түркиянын мисте экспортунда Италия биринчи орунду ээледи.
Италияга 31 миллион 400 миң долларлык мисте жөнөтүлдү.
Италиядан кийин 22 миллион 213 миң доллар менен Германия, 13 миллион 353 миң доллар менен Кыргызстан турат.