Түрк чайы эң көп Бельгияга экспорттолду
Аталган экспорттон 16 миллион 595 миң 194 доллар киреше алынды.
1891328

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда январь - сентябрь айларында Түркиядан 106 өлкөгө, автономия жана эркин аймактарга 4 миң 870 тонна чай жөнөтүлдү. Аталган экспорттон 16 миллион 595 миң 194 доллар киреше алынды.
Буга ылайык 9 айлык чай экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда сан жагынан 42 пайыз, нарк жагынан 26 пайызга өстү.
Түркиянын чай экспортунда 3 миллион 921 миң 198 доллар менен Бельгия биринчи болду. Бул мамлекетке 1088 тонна чай экспорттолгон.
Бельгиядан кийин 2 миллион 238 миң 990 доллар экспорт менен Улуу Британия жана 1 миллион 865 миң 77 доллар экспорт менен Германия келди.
Өткөн жылдын ушул мезгилинен айырмаланып, Түркиядан Эстония, Майотта жана Боливияга да чай экспорттолду.