Дүйнөлүк азык-түлүк баалары

Орусия-Украина согушу 24-февралда башталгандан кийин март айында индекс 159,7 баллга жетип, рекордду жаңылаган.

1890041
Дүйнөлүк азык-түлүк баалары

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын сентябрь айында өсүмдүк майынын арзандашынан улам төмөндөгөнүн жарыялады.

ФАОнун билдирүүсүнө караганда, азык-түлүк продукцияларынын эл аралык бааларынын ай сайын өзгөрүшүн караган ФАО азык-түлүк бааларынын индекси сентябрь айында август айына салыштырмалуу 1,1 пайызга төмөндөп, орточо 136,3 баллга жетти. Ушундайча индекс катары менен төмөндөөсүн алтынчы айда да улантты.

Өткөн жылдын сентябрына салыштырмалуу көрсөткүч 5,5 пайызга өскөн.

Орусия-Украина согушу 24-февралда башталгандан кийин март айында индекс 159,7 баллга жетип, рекордду жаңылаган.

Белгилей кетсек, сентябрь айында дүйнөлүк азык-түлүккө болгон баалар өсүмдүк майларынан улам төмөндөгөн.

Өсүмдүк майынын баасынын индекси айлык 6,6 пайызга төмөндөп, сунуштун көбөйүшү жана чийки мунайдын төмөн баасына байланыштуу 2021-жылдын февраль айынан бери эң төмөнкү деңгээлге жетти.



Тектеш кабарлар