Түркиянын айыл чарба тармагынан рекорддук экспорт

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынан кийин нормалдашуу менен экспорттогу ийгилигин арттырган Түркия ай сайын рекордуна жаңы рекорд кошууда.

1888932
Түркиянын айыл чарба тармагынан рекорддук экспорт

Өндүрүш потенциалы менен дүйнөдө айыл чарба соодасында маанилүү орунга ээ болгон Түркия жылдын 9 айында 24,5 миллиард долларлык экспорт менен бул тармакта рекорд койду.

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынан кийин нормалдашуу менен экспорттогу ийгилигин арттырган Түркия ай сайын рекордуна жаңы рекорд кошууда.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (ТЭА) маалыматына караганда Түркиянын экспорту быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында 17 пайызга өсүп, 188 миллиард 224 миллион долларга жетти.

Түркия бул тармакта жылдын 9 айында 24,5 миллиард долларлык экспорт ишке ашырды.

Ошентип, айыл чарба сектору январь-сентябрь айларындагы эң жогорку экспортко жетишти.

Түркиянын айыл чарба экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,6 пайыз өссө, жалпы экспорттун ичинен 14,5 пайыздык үлүш алды.

Айыл чарба тобунда экспортто рекорд койгон секторлор дан, буурчак, май өсүмдүктөрү жана азыктары, мөмө-жемиш азыктары, кургатылган мөмө-жемиштер жана азыктар, аквакультура жана жаныбарлардан алынган продуктулар, эмерек, кагаз жана токой азыктары болду.

Айыл чарба экспорту жасалган өлкөлөрдүн арасында Ирак жана Германия алдыңкы орундарга чыкты.



Тектеш кабарлар