Немрут тоосуна келген турист саны

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюму ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген 2 миң 150 метр бийиктиктеги Немрут тоосуна жыл аягына чейин 250 миң туристтин келүүсү күтүлүүдө.

1888933
Немрут тоосуна келген турист саны

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюму ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген 2 миң 150 метр бийиктиктеги Немрут тоосуна жыл аягына чейин 250 миң туристтин келүүсү күтүлүүдө.

Жибек жолун өнүктүрүү агенттигинин билдирүүсүнө караганда, Перре байыркы шаары, Кахта сепили, Жендере көпүрөсү, Каракуш дөңсөөсү, Арсемия урандылары жана 300гө жакын урандылары менен «ачык асман музейи» болгон Адыяман жергиликтүү жана чет элдик туристтерди кабыл алууну улантууда.

Билдирүүдө  көз караштарына орун берилген Адыяман  губернатору Махмут  Чухадар 15 жылга жакын созулган реставрация иштеринин натыйжасында Коммаген цивилизациясынын эң маанилүү чыгармаларынын бири болгон Кахта сепилинин өткөн айда зыяратчыларга ачылганын белгиледи.

Адыямандын Коммаген падышалыгынын «жүрөгү» экенин белгилеген Чухадар : "Жер астында да, жер үстүндө да, казылып алынууну күтүп жаткан баалуулуктар бар. Перре байыркы шаары, Жендере көпүрөсү, Каракуш дөңсөөсү,  Арсемия байыркы шаары, Кахта сепили жана Немрут көрүүгө арзырлык жерлер. Керек болсо өлкө ичинде  керек болсо  өлкө тышында туризмдин негизги жерлеринин бири болууга талапкер жерлер. Өткөн жылы  Немрутка 165 миң жергиликтүү жана чет элдик турист келди. Бул жылы  15 - сентябрда бул санга жеттик. 250 миң  туристтин келишин максат кылуудабыз. Бул санды келерки жылы 300 - 350 миңге жеткирүүнү ойлоп жатабыз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар