Кушадасы жана Амасрада круиздик активдүүлүк

Кушадасы Эгей портуна төрт круиздик кеме токтоду.

1888854
Кушадасы жана Амасрада круиздик активдүүлүк
kusadasi kruvaziyer.jpg
amasra kruvaziyer.jpg

Айдындын Кушадасы районуна 4 кеме менен 8 миң 968 турист келди.

Кушадасы Эгей портуна Бермуда желектүү " Regal Prıncess", Багама желектүү " Star Legend", Панама желектүү " Carnıval Prıde" жана "MSC Armonia" кемелери токтоду.

Портко токтогон 4 круиздик кемеде 8 миң 968 турист бар.

Бир тараптан Батыш Карадеңиз аймагынын туризми менен өзгөчөлөнгөн шаарларынан Амасранын төртүнчү круиздик кемени да кабыл алганы жана районго жалпы 2745 орус туристтин келгени маалымдалды.

Транспорт жана инфраструктура министрлигинин билдирүүсүндө, «Порт жүргүнчү пристаны жана Марина» долбоорунун алкагында Амасрада круиздик туризмдин ылдам өнүгүп баштаганы белгиленди.

Биринчи круиздик кеменин портко үстүбүздөгү жылдын август айында келип токтогону эске салынган билдирүүдө: «Ушул убакка чейин Амасра портуна августта 1 кеме, сентябрда 2 жана  октябрда 1 жалпысынан 4 круиздик кеме келди. «Astoria Grande» кемесинде биринчи сапарда 327 круиздик жүргүнчү ташылды. Кеменин экинчи сапарында 779, үчүнчү сапарында 843 жана октябрдагы төртүнчү сапарында 796 адам Амасра портуна келди»,-деп айтылды.

Кеменин октябрь айында 2, ноябрь айында да 3 жолу сапарга чыгууну пландаганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар