Түркиянын экспорту өстү

Соода министрлигинин сентябрь айына карата болжолдуу тышкы соода статистикасынан турган маалымат бюллетени жарыяланды.

1888121
Түркиянын экспорту өстү

Түркиянын экспорту сентябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 9,2 пайызга өсүп 22 миллиард 616 миллион долларга жетти.

Соода министрлигинин сентябрь айына карата болжолдуу тышкы соода статистикасынан турган маалымат бюллетени жарыяланды.

Буга ылайык, жалпы соода системасынын (GTS) көрсөткүчтөрү эске алынганда экспорт сентябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 9,2 пайызга өсүп 22 миллиард 616 миллион долларга жетти.

Бул сан сентябрь айынын эң жогорку экспорттук көрсөткүч катары катталды.

Сентябрь айында эң көп экспорт кылынган өлкөлөр 2 миллиард 2 миллион доллар менен Германия, 1 миллиард 378 миллион доллар менен АКШ жана 1 миллиард 277 миллион доллар менен Ирак болду.



Тектеш кабарлар